Бишкектин жолдоруна жөө адамдар өтүүчү чийиндер заманбап ыкма менен чийилүүдө

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын көчөлөрүнө жөө адамдар өтүүчү чийинди чийүүгө жана ылдамдыкты азайтуучу дөңсөлөрдү орнотууга заманбап материалдар колдонула баштаганын мэриянын маалымат кызматынан билдиришти
Бишкек шаарынын көчөлөрүнө жөө адамдар өтүүчү чийинди чийүүгө жана ылдамдыкты азайтуучу дөңсөлөрдү орнотууга заманбап материалдар колдонула баштаганын мэриянын маалымат кызматынан билдиришти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө бул материалдар Сүйөркулов көчөсүндөгү №17 мектептин жолуна колдонулду.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын көчөлөрүнө жөө адамдар өтүүчү чийинди чийүүгө жана ылдамдыкты азайтуучу дөңсөлөрдү орнотууга заманбап материалдар колдонула баштаганын мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

"Бишкекасфальтсервис" ишканасы шаардыктардын жолдогу коопсуздугун жакшыртуу максатында, жөө адамдар өтүүчү чийиндерди термопластик жана муздак желим менен чийип жатышат.

Бишкек - Ош унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Ош унаа жолуна кар көчкүдөн коргой турган тоннель курулат
Маалыматка караганда, бул материалдар ысык-суукту жакшы көтөрүп, аба ырайынын ар кандай жагдайларына туруктуу келет.

Бүгүнкү күндө бул материалдар Сүйөркулов көчөсүндөгү №17 мектептин жолуна колдонулду.

Ал эми жаңы стандарттар менен коюлган ылдамдыкты азайтуучу дөңсөлөрдүн бийиктиги жети сантиметр, узундугу үч метр болмокчу.

"Бишкекасфальтсервис" ишканасынын билдиргенине караганда, жол чийиндерин чийүүдө мындай ыкмалар Европа мамлекеттеринде жана Россияда кеңири колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0