Ат-Башылык дыйкан тетиктерди чогултуп картошка түптөөчү трактор курап чыкты

© Sputnik / Нурзада МукашеваАт-Башынын Талды-Суу айылында дыйканчылык менен алектенген Бакыт Токталиев
Ат-Башынын Талды-Суу айылында дыйканчылык менен алектенген Бакыт Токталиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токталиев тракторго суу соруп чыгаруучу каражаттын моторун коюп жүргүзгөн

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Ат-Башынын Талды-Суу айылында дыйканчылык менен алектенген Бакыт Токталиев ар кандай тетиктерден кичи трактор курап чыкты. Муну куруу үчүн бир ай убакыт кеткен.

Дыйкан колго жасалган тракторго суу соруп чыгаруучу каражаттын моторун коюп жүргүзгөн.

"Муну картошка түптөөгө ылайыкташтырып жасагам. Тракторго "НИВА" унаасынын дөңгөлөктөрүн койдум. Ал эми газ, тормоз сыяктуу майда бөлүктөрүн темир-тезектерден чогултуп колго жасап чыктым. 100 чакырымына болгону 2 литр гана бензин ичет. Кубаттуулугу төрт аттын күчүнө барабар. Артына чиркегич сүйрөтүп койгом, кандай жүк болбосун тарта берет", — деди Токталиев.

Дыйкан буга сокону да кошуп, жер айдай бере турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0