Ош базарынын 17 жеринде дары-дармекти мыйзамсыз сатуу токтотулду

© Sputnik / Алексей Панов / Медиабанкка өтүүДары дармектер. Архив
Дары дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыларды мыйзамсыз соодалоону токтотуу иши Бишкектин Ленин райондук администрациясынан түзүлгөн топко жүктөлгөн.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. "Ош базарынын" аймагында дары-дармекти мыйзамсыз саткан жайлар жок кылынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, базардын айланасындагы дары-дармектерди мыйзамсыз соода кылгандардын ишин токтотуу  максатында Бишкектин Ленин райондук администрациясы тарабынан атайын топ түзүлгөн.

"Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек жана медициналык техника департаментинин кайрылуусунан кийин "Берекет" объектисинин аймагында дары-дармектерди мыйзамсыз  сатуу иштерине бөгөт коюлду", — деп жазылат маалыматта.

Учурда дары-дармектерди мыйзамсыз саткан 17 жайдын ишмердүүлүгү токтотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0