Башкы штаб башчысы: Ферганадагы согуштун бетин ары кылсын

© Sputnik / Табылды КадырбековКуралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын экс-жетекчиси Асанбек Алымкожоев видео көпүрө учурунда
Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын экс-жетекчиси Асанбек Алымкожоев видео көпүрө учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы штабынын экс-начальниги терроризм Кыргызстан үчүн негизги коркунуч жараткан маселелердин бири экенин айтты.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Террорчулар Кыргызстандын түштүк аймагында кырдаалды кыйындатууга аракет кылууда. Бул тууралуу Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын экс-жетекчиси Асанбек Алымкожоев видео көпүрө учурунда сүйлөп жатып билдирди.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборундагы Бишкек, Кишинев жана Мински шаарлары ортосунда "Тарыхтын бурмаланышы жана НАТОнун кулачын жайышы" деген темада видео көпүрө болду.

Алымкожоев эл аралык терроризм Кыргызстан үчүн негизги коркунуч жараткан маселелердин бири экенин белгиледи.

"Азыр мурдагыдай болуп өзүн тэээ алыстан жардырып ийген жанкечтилер жокко эсе. Террорчулар Ирак, Сириянын айрым бөлүктөрүн басып алып, согушту Фергана өрөөнүнө алып келүүнү көздөп жатышат. Бул жомок эмес. Мындайды 1999-2000-жылдары көргөнбүз. Эл аралык бригадалар биздин мамлекеттин аймагына басып кирүүдөн кайра тарткан эмес", — деди Алымкожоев.

Ошондой эле ал өлкөнүн экономикасы көп сандагы армияны кармап тура албаса дагы террорчулардын чабуулуна туруштук берерин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0