УКМК: Башкы прокуратура 93 миллион сомдон ашык акчаны мыйзамсыз пайдаланган

Жазылуу
Учурда мамлекетке келтирилген чыгымдын так өлчөмү эсептелип, тиешеси бар адамдар аныкталууда.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Башкы прокуратуранын имаратын курууда баасы жогорулатылган делип кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каттоо кызматынын каржылык мыйзам бузуулары ачыкка чыкты
Билдирүүгө ылайык, 2011-жылы 6-июлда Башкы прокуратура "Гарант Проект" жоопкерчилиги чектелген коом менен кошумча курулуш иштерин жүргүзүү үчүн 236 миллион сомдон ашык каражатка келишим түзгөн. Ошол эле маалда алар Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик экспертиза департаментине тиешелүү документтерди өткөрүп берген эмес.

Эсеп палатасынын жүргүзгөн аудитинин негизинде келишим 93 миллион 625,3 миң сомго кымбат түзүлгөн.

"Текшерүү маалында Башкы прокуратура түрдүү курулуш иштерин жүргүзүүдө мамлекеттик казынадагы 9 миллион сомдон ашык акчаны мыйзамсыз пайдаланылганы анык болгон", — деп айтылат таратылган кабарда.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 221-беренисинин 2-бөлүгү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) жана 308-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (бюджеттин каражаттарды мыйзамсыз колдонуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда мамлекетке келтирилген чыгымдын так өлчөмү эсептелип, кылмышка тиешеси бар кызматкерлер аныкталууда. Кылмыш иши 20-июнда УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0