КМШнын Антитеррордук борбору Sputnik журналистине сыйлык тапшырды

© © SputnikЭл аралык Sputnik агенттиги жана радиосунун кабарчысы Мария Шелудякова
Эл аралык Sputnik агенттиги жана радиосунун кабарчысы Мария Шелудякова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Антитеррордук борбордун жетекчиси генерал-полковник Андрей Новиков Sputnik агенттигинин журналистине ыраазычылык кат тапшырган.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. КМШнын Антитеррордук борбору Эл аралык Sputnik агенттиги жана радиосунун кабарчысы Мария Шелудяковага ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Журналистке КМШ өлкөлөрүнүн террорчулука каршы туруу боюнча кампонетенттик "Душанбе-Антитеррор-2017" машыгуусун активдүү чагылдырып тургандыгы үчүн ыраазычылыгын айткан. Күч түзүмдөрүнүн окуусу Тажикстанда 31-майдан 1-июнга чейин өткөрүлгөн.

Благодарственное письмо ОТ президента Алмазбека Атамбаева ИА и радио Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттиги президенттин ыраазычылык каты менен сыйланды
Ыраазычылык катты Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги уюмунун Антитеррордук борборунун жетекчиси генерал-полковник Андрей Новиков тапшырды.

Ушундай эле сыйлык менен Эл аралык "Россия сегодня" агенттигинин күч түзүмдөрү боюнча баяндамачысы Михаил Севастьянов,  мамлекеттер аралык "МИР" телерадио компаниясынын "Союзники" аскерий программасынын кабарчысы Игор Наймушин, аскердик даярдыктарды жана аскер жашоосун чагылдырган "Красная звезда" гезитинин бөлүм башчысы Александр Тихонов жана ТАСС агенттигинин атайын кабарчысы Александр Шашков сыйланган.

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги уюмунун Антитеррордук борбору 2000-жылы 21-июнда түптөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0