Ананьеводогу жарылуу: бүгүн таңда 62 жаштагы жаран ооруканадан көз жумду

Жазылуу
Дарыгерлер каза болгон бул жарандын денеси 100 пайыз күйүп калганын айтышты

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Ананьеводо газ толтуруу жайдагы жарылуудан күйүк алып, ооруканада жаткан 62 жаштагы жаран көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Кабарга ылайык, Чолпон-Ата аймактык ооруканасында жаткан жарандын денеси 100 пайыз күйүп калган. Мындан улам, ал 22-июнда эртең мененки саат 6.00дө каза болуп калган.

Күйүп калгандар ар жерде жатыптыр... Ананьеводогу жарылуунун чоо-жайы - Sputnik Кыргызстан
Күйүп калгандар ар жерде жатыптыр... Ананьеводогу жарылуунун чоо-жайы
Ал эми калган үч адамдын абалы туруктуу, бирок оор экени жана дагы үчөө хирургия бөлүмүндө алдардын абалы туруктуу бирок орточо деп бааланып жатканы айтылды.

Министрликтен эртең, 23-июнда атайын дарыгерлер Чолпон-Атага жөнөтүлүп, бейтаптарды Бишкектеги трамватология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна алып келинерин кошумча кабарлашты.

Эскерте кетсек, кечээ 19-июнда болжол менен саат 17.22лерде Ананьево айылынын Совет көчөсүндө газ толтуруучу жайда газ баллондор жарылган. Мындан эки адам каза таап, 8 адам ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк каза болгондор 52 жаштагы эркек киши жана анын 10 жаштагы баласы экени белгилүү болду. Бирөөнүн колу гана күйгөндүктөн тиешелүү жардамдарды алып оорукандан чыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0