Чүй, Талас облустары менен Бишкек шаарында жарык өчөт. Тизме

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭлектр зымдары. Архив
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин 20дан ашык көчөсүндө жарык өчүрүлөт.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Талас, Чүй облустары менен Бишкек шаарынын айрым бөлүктөрүндө жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингден кабарлашты.

Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жамалдинов: акылдуу эсептегичтерди алгандан көрө айыл жергесине шарт түзөлү
Маалыматка ылайык, 22-июнда Чүй облусунун Берлик, Лебединовка, Военно-Антоновка, Кара-Сакал, Лесхоз, Маловодный, Новопавловка, Кызыл-Туу, Ак-Жол, Беловодский, Ак-Торпок, Алексеевка, Сосновка, Ак-Бешим айылдары менен Кара-Балта шаарынын айрым жерлеринде электр энергиясы өчүрүлөт.

Ошондой эле оңдоо иштерине байланыштуу Талас облусунун Покровка, Маймак, Кызыл-Адыр, Көк-Ой, Таш-Башат айылдары менен Талас шаарын айрым жеринде 09:00дөн 18:00гө чейин жарык жок болот.

Андан сырткары, Бишкек шаарынын "Красный строитель" жаңы конушу, Аламүдүн-1 жана 3-кичирайондорунун. Дзержинский, Күрөңкеев, Абдрахманов, Киев, Москва, Севастополь, Шота Руставели, Фурманов, Балтагулов, Гагарин, Тынчтык, Сухомлинов менен Айни көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө дагы электр кубатын берүү үзгүлтүккө учурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0