Жалал-Абаддагы Бекабад-Маданият унаа жолу оңдолот

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖол ондоо иштери. Архив
Жол ондоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эскилиги жеткен Бекабад—Маданият жолунун узундугу 67 чакырымды түзөт.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Бекабад — Маданият унаа жолу ушул жылдын август айынан тарта оңдоло баштамакчы. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына облустун региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Исаев билдирди.

"Жолду жаңылоого Европа өнүктүрүү банкы 60 миллион доллар караган экен. Тендерге катышууга бир канча компания даяр экенин билдирди. Бекабад-Маданият жолунун узундугу 67 чакырымды түзөт", — деди Исаев.

Жергиликтүү айдоочулардын айтымында,  жолдун эскилиги жетип, жамалганы менен менен жыл айланбай кайра аң-чөнөктүү болуп калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0