Ош: табигый кырсыктан жабыркагандар өкмөттүн эсебине чогулган акчаны алып баштайт

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨзгөндүн Аюу айылында 29-апрелде болгон жер көчкү. Архив
Өзгөндүн Аюу айылында 29-апрелде болгон жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөндөгү жер көчкүдөн жана Чоң-Алайда катталган жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн ачылган эсепке 49,7 миллион сом чогулган.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Чоң-Алай жана Өзгөн райондорундорунун табигый кырсыктан жабыркаган жашоочуларына ушул жумада өкмөттүн атайын ачкан эсебине топтолгон каражат бөлүштүрүлө баштайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ өкмөттүн кеңешмесинде Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов атайын эсепке Өзгөндөгү жер көчкүдөн турак жайынан ажырагандарга 25 миллион 489 миң сом, Чоң-Алайда катталган жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн 24 миллион 197 миң сом чогулганын билдирген.

Чоң-Алай районунда камсыздандыруудан өткөн турак жай ээлерине акча тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Алайда камсыздандырылган турак жай ээлерине акча берилди
Чогулган каражаттарды элге айылдык кеңештин депутаттары, аксакалдар, активисттерден түзүлгөн аймактык комиссия бөлүштүрүп берет. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жабыр тарткан үй-бүлөлөргө берилүүчү каражаттын көлөмү азырынча аныктала электигин билдирди.

Эскерте кетсек, май айында Чоң-Алайда улам кайталанган жер титирөнүн кесепетинен 618 турак жай жарактан чыгып, айрымдары чатырларга көчүрүлгөн

Өзгөндүн Аюу айылында 29-апрелде жер көчүп алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган. Ага удаа Жалпак-Таш айыл аймагындагы 61 түтүн жашаган айылда сүрүлүп жаткан жер көчкү 10-майга чейин 45 турак жайды басып калган. Кырсык чалган айылдыктар чатырларга көчүп чыккан. Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында 26-март күнү таңга жуук жер көчкү жүрүп, төрт балалуу үй-бүлөнү басып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0