"Өлтүрүп салам!" деген милиция кызматкери жумуштан айдалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызмтакери. Архив
Кайгуул милиция кызмтакери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя боюнча Ички иштер министрлигинин өздүк коопсуздук кызматы териштирүү жүргүзгөн.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Айдоочуну мыйзамсыз токтотуп, кыжылдаша кеткенде "өлтүрүп салам" деп коркутту делген милиция кызматкери жумуштан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 16-июнь күнү социалдык тармактарда видео тараган. Анда патрулдук милиция кызматкери айдоочу менен урушуп кеткен. Окуяны Таалай Жунушов аттуу интернет колдонуучу Facebook баракчасына жарыялаган.

Аудиодо милиция кызматкери айдоочу менен айтыша кетип, чыр ырбап, андан соң өлтүрүп салам деп коркутуп, анын уюлдук телефонун тартып алып, видеого тартам деген айдоочуну оозго алгыс сөздөр урушкандыгы жазылып калган.

Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ көчөдө заара ушатты деген милиционердин жумушка кайтаар-кайтпасын айтты
Аталган факты боюнча Ички иштер министрлигинин Өздүк коопсуздук кызматы териштирүү жүргүзүп, жыйынтыгында Жол кайгуул милициясынын кенже инспектору, милициянын прапорщиги жумуштан алынды. Ага ИИМдин ички буйруктарын, кызматтык тартипти, этикалык талаптарды аткарбаган жана төшүндөгү видеокамераны атайлап өчүргөн деген кине коюлду.

Андан сырткары, анын жетекчилигине сөгүш берилип, окуя болгон маалда жанында жүргөн милицияга ээлеген кызматындагы талаптарга жооп берген эмес деп ага да жаза колдонулган.

Милициядан иликтөө маалында чогулган материалдарга укуктук баа берилиши үчүн иш прокуратурага өткөрүлүп берилгенин кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0