Туристтерди өзүнө тарткан КМШдагы шаарлар аныкталды. Эң арзаны Бишкек болду

© Sputnik / Акылбек БатырбековАла-Тоо аянтына асмандан корунуш. Архив
Ала-Тоо аянтына асмандан корунуш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда Казакстан, Азербайжан, Белоруссия, Армения жана Өзбекстандын борбор шаарлары туристтерди өзүнө көбүрөөк тартып тураары аныкталган.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. "ТурСтат" аналитикалык агенттиги КМШ өлкөлөрүнүн ичинен жай айында саякатка барууга ыңгайлуу, эл арасында кызыгууну жараткан шаарлардын рейтингин чыгарды.

Маалыматка ылайык, КМШнын Казакстандын, Азербайжадынн, Белоруссиянын, Армениянын жана Өзбекстандын борбор шаарлары туристтерди өзүнө көбүрөөк тартып тураары аныкталган.

Открытие купального сезона на озере Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Быйыл Ысык-Көлдөгү эс алуунун баасы канчалык өзгөрдү
Ал эми Бишкек, Астана, Баку, Мински, Ереван, Ташкент, Алматы, Кишинев, Киев жана Ашхабад КМШдагы алдыңкы 10 шаардын катарына кирген.

Анын ичинен саякатчылар эң арзан баага эс алган калаа  — Бишкек менен Ашхабад, ал эми баасы асманды чапчыгандары — Астана жана Баку деп табылган.

Рейтинг турлардын сунушу жана майманкалардын онлайн брондолушуна анализ жасоо менен түзүлгөн.

"ТурСтаттын" маалыматы боюнча жай мезгилинде Бишкектеги мейманкалардан орун алган туристтер бир суткасына орточо эсеп 32 доллар төлөшөт. Ошондой эле Бишкекке сапар алган  туристтердин басымдуу бөлүгү Ысык-Көлдө сезон ачылгандан тарта келери аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0