Ананьево: күйгөндөрдүн бири реанимациядан чыкты. Абалы оорлор Бишкекке келиши мүмкүн

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда хирургия бөлүмүндөгүлөрдүн абалы орточо, ал эми жандандыруу бөлүмүндө жаткандардын экөөнүн саламаттыгы өтө оор

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Ананьево айылында өрттөн жабыркагандардын бири жандандыруу бөлүмүнөн хирургия бөлүмүнө которулгандыгын Ысык-Көл райондук ооруканасынын башкы дарыгери Алмира Алдашева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Дарыгердин айтымында, күйүп калгандардын бирөөнүн абалы жакшырып хирургия бөлүмүнө которулду.

"Абалы бир аз жакшырып калгандыктан, ооруканага түшкөндөрдүн бири жандандыруу бөлүмүнөн хирургия бөлүмүнө которулду.  Учурда хирургия бөлүмүндөгүлөрдүн абалы орточо, ал эми жандандыруу бөлүмүндө жаткандардын экөөнүн саламаттыгы өтө оор", — деди Алдашева.

Күйүп калгандар ар жерде жатыптыр... Ананьеводогу жарылуунун чоо-жайы - Sputnik Кыргызстан
Күйүп калгандар ар жерде жатыптыр... Ананьеводогу жарылуунун чоо-жайы
Дарыгер абалы оор бейтаптарды Бишкектеги Күйүк борборуна которуу жагы каралып жаткандыгын кошумчалады.

Буга чейин кырсыктан жаракат алгандардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө, экөө хирургияда жатканын жана бирөөнүн колу гана күйгөндүктөн үйүнө жиберилгендигин кабарлашкан.

Эскерте кетсек, 19-июнда болжол менен саат 17.22лерде Ананьево айылынын Совет көчөсүндө май куюучу жайдын жанынан газ баллондор жарылган.

Мындан эки адам каза таап, 8 адам ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк каза болгондор 52 жаштагы эркек киши жана анын 10 жаштагы баласы экени белгилүү болду

Жаңылыктар түрмөгү
0