Шагиева: кыргыз тилин билбегеним — тарбиямдын жоктугунан эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековАлия Шагиева жолдошу жана баласы менен. Архив
Алия Шагиева жолдошу жана баласы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин кызы эмне үчүн кыргыз жана англис тилдерин билбей тургандыгын жазып, оюн билдирди

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кечээ президенттин социалдык тармакта активдүү болгон кичүү кызы Алия Шагиева Facebook баракчасына көптөрдүн бүйүрүн кызытып, ар кыл пикирлерди жараткан дагы бир пост жазды. Кызыгы, ал кыргыз тили туурасында болду. Шагиева образдуу алганда, агынан жарылып, анткен менен жакшы саамалыкты баштаптыр.

Ал ой-пикирлерин кыргызча сүйлөткөн киши издеп жатыптыр. Бирок бир талабы бар экенин да айткан.

"Менин кыргыз тилинде сүйлөбөй турганымды көп учурда жаман кабыл алышат. Кээ бирлери муну менин өз маданиятымды урматтабай-сыйлабайт деп түшүнүп, көп учурда "президенттин кызы болгондон кийин" кыргызча сүйлөшүм керектигин эскертип, оройлук менен эле "кеп-кеңеш" бергендер арбын.

Чынын айтканда, агрессияга алдырган кишилерди түшүнүп турам. Алардын ачуусун келтирген жагдай — ошол эле кыргыздар арасында кыргыз тилинин орус тили сыяктуу кеңири колдонулбай жатканы болууда.

Барган сайын кыргызчаны адабий тилде, сонун сөздөр менен эле эмес, турмуш-тиричиликте да сүйлөбөй бара жатабыз.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиева - Sputnik Кыргызстан
Президенттин кызы Алия Шагиева тууралуу 6 факты
Менин эне тилимде сүйлөй албагандыгым менин тарбиямдын жоктугу, суу ичкен кудугума түкүргөндүгүм эмес. Буга жөнөкөй гана бир жагдай себеп болду. Ал — биздин, менин жана инимдин интернационалдык үй-бүлөдө төрөлүп калгандыгыбыз… Атабыз — кыргыз, энебиз — татар кызы. Үйдө, мектепте орусча сүйлөшчүбүз, ал эми кыргыз тилине көңүл азыноолак бурулуп калган. Ал эми бизде тил үйрөтүү системасынын кандай экендигин өзүңүздөр жакшы түшүнөсүздөр да.

Кыргызча акцент менен сүйлөгөнүмдө абдан эле тартынчумун. Ал эми кыргызча ырды кантип жаттаганым алигиче эсимде. Кыйналганым менен бирок аракет кылчумун. Кыргыз тилин ар дайым сыйлайм, үйрөнүүгө аракетим да күчтүү. Байыркы түрк тилдеринин бири, угулушу жагымдуу, ал эми айта келгенде катуулугу менен айырмаланган бул тил кантип кызыктырбай койсун. Баамымда, ал жаман бир элестер менен эстелип калгандарга гана жакпайт болуш керек.

Азырынча мен тил үйрөнүү курстарына бара албайм, анткен менен анын жолун таптым. Эми жазган постторум кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланып турмакчы", — деп жазган.

Шагиева муну менен жаңы сөздөрдү үйрөнүүгө жакшы мүмкүнчүлүк жаралгандыгын айтып, сонун идея деген пикирин айтыптыр. Ишти өзүнөн баштап, жаңы дептер ачып, ага эмнелерди үйрөнгөнүн жазып турарын билдирди.

"Кечээ жазган текстимди англисче которууга тууганым Айжан жардам берди. Ал англис тилин суудай билет, мага анын илим-билимдүүлүгү, маданияттуулугу кадимкидей үлгү. Ал эми англис тилин билүү мен үчүн космостой кол жеткис нерсе катары сезиле берет ",— деп жазган.

Аны менен катар эле президенттин кызы ой-толгоолорун кыргызча сүйлөтүп берүүгө киши издеп жаткандыгын, табууга жардам бергендерге ыраазы болорун жазган.

Кагазга жазып жаткан кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Сабаттуу жаза аласызбы? Каталарга карматпайм десеңиз, тесттен өтүңүз
"Жазгандарымды кыргызчага которуп берген кишини издешүүгө жардам бергендерге абдан ыраазылыгымды айтам. Мага супсак эмес, жүрөгү менен которуп бергендер табылса сонун болот эле. Менин айтайын дегендерим туюлуп, ойлорум маңызын жоготпосо… Ириде билгенин башкалар менен бөлүшкөн, анысы менен коомго пайдасын тийгизген адам издеп жатам. Ал эми акча табам деген ниет андан кийин болсо дейт элем. Өзүңүздөрдүн ой-пикирлериңизди калтырып, сунушуңуздарды айтсаңыздар. Бардыгыңыздарга рахмат!" — деп жазган президенттин кызы.

Шагиеванын буга чейин жарыялаган посттору коомчулукта кызуу талкууга алынып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0