ӨКМ тоо арасынан бутун сындырган канадалык туристти таап, ооруканага жеткирди

Жазылуу
Туристтерди ӨКМдин куткаруучулары менен медиктери кечки саат 19:30дар чамасында тапкан

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кыргызстанга келген канадалык эки туристтин бири Ноокаттын Кожо-Арык айылындагы тоолордун арасынан бутун сындырып алган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта бутун кокустатып алган мотоциклчен турист менен анын жолдошун ӨКМдин кызматкерлери эки жарым саат ичинде таап, куткарганы айтылат.

"Чет элдик туристтерди ӨКМдин куткаруучулары жана медиктер 20-июнда саат 19:30 чамасында табышкан", — деп билдирди маалымат кызмат.

Чет элдик жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң ал Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0