Базар-Коргондо чөгүп кеткен баланын сөөгүн сууга түшүп жаткандар таап чыгышты

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКөлгө түшүп жаткан балдар. Архив
Көлгө түшүп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Базар-Коргондун Акман айылында болгон.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында 9 жашар бала Кайырма көлүнө чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар окуя болгон жерге жеткенче сууга түшүп жаткан балдар тарабынан маркумдун денеси табылып, туугандарына өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0