Атамбаев Ананьеводогу жарылуудан көз жумгандардын жакындарына жардам берүүнү буюрду

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарылуудан эки адам каза таап, сегиз адам жабыркаган.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы май куючу жайдагы жарылуудан улам каза тапкандардын жакындарына материалдык жардам көрсөтүү боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады

Ананьево айылындагы өрт - Sputnik Кыргызстан
Күбөлөр Ананьеводо газ баллондордун жарылып жаткан видеосун чыгарды
Эске сала кетсек, кечээ күнү саат 17:22лер чамасында 101 кызматына Ананьево айылынын Совет көчөсүндө жайгашкан газ толтуруучу жайдын күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт саат 18:31де чектөөгө алынып, 21:15те толук өчүрүлгөн.

Кырсыктан ата-бала каза болуп, дагы сегиз адам жабыркаган. Учурда ооруканада жаткан жети байтаптын бешөө денесинин 90 пайызынан күйүк алып, оор абалда.

Ошондой эле өлкө башчы жарылуудан көз жумгандардын туугандарына көңүл айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0