Каттоо кызматынын каржылык мыйзам бузуулары ачыкка чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери жумуш учурунда. Архив
Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эсеп палатасы Мамлекеттик каттоо кызматын текшерди.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынан 7,6 миллион сомдук мыйзам бузуулар аныкталганын Эсеп палатасы билдирди.

Денежные купюры - Sputnik Кыргызстан
Каттоо кызматынын адистерине кылмыш иши козголду
Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн акчанын 4,8 миллиону мекеменин кызматкерлерине негизсиз айлык төлөөгө кетсе, 2,2 миллион сом максатсыз пайдаланылган деп айтылууда. Ал эми калган каражат материалдык баалуулуктар үчүн эсептен чыгарылса, 200 миң сомдун тегерегиндеги акча дебитордук жана насыялык карыз болуп саналат.

Аудиттин негизинде Каттоо кызматынын Бишкек шаарындагы, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Талас аймактарындагы башкармалыктарында салыктан түшкөн кирешенин көлөмүн азайтып көрсөтүлгөн фактылар катталган. Натыйжада 2015-жылдын эсеби менен ижара акысынан мамлекеттик бюджетке 1,2 миллион сом түшпөй калган.

Эсеп палатасы Каттоо кызматынын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0