Жээнбеков май куюучу жайлардын баарын текшерүүнү талап кылды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Ысык-Көл районунун Ананьево айылында газ баллондор жарылып, 8 адам жаракат алса, дагы эки адам набыт болгон

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тиешелүү ведомстволорго Ысык-Көл районунун Ананьево айылында жарылган газ баллондор боюнча тыкыр иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, өкмөт башчы маселени өз көзөмөлүнө алып, ӨКМге жарылуунун келип чыгуу себептерин иликтөөгө, экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясына бардык газ толтуруучу жайларды текшерип, талапка жооп бербегендердин ишмердигине тыюу салуу, ошондой эле кырсыктан жаракат алгандарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө тапшырма берди.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ананьеводогу газ баллондун жарылышынан каза болгондор ата-бала болуп чыкты
Эскерте кетсек, кечээ 19-июнда болжол менен саат 17.22лерде Ананьево айылынын Совет көчөсүндө май куюучу жайдын жанынан газ баллондор жарылган. Мындан эки адам каза таап, 8 адам ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк каза болгондор 52 жаштагы эркек киши жана анын 10 жаштагы баласы экени белгилүү болду. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча кырсыктан жабыркаган беш адамдын денесинин 60-90 пайызы күйүп оор абалда ооруканада жатат.

ӨКМ окуя жеке ишкер Виктор Бориского таандык газ толтуруучу жайда болгонун, кырсыктын кесепетинен ДАФ унаасы 30 тонналык цистернасы менен, РЕНО унаасынын бир бөлүгү, ГАЗ-53 цистернасы менен, оор жүк ташуучу унаа, Газель цистернасы менен жана бир женил унаа күйгөнүн билдирди.

Взрыв в селе Ананьева

Публикация от Askat Elenov (@elenovaskat) Июн 19 2017 в 9:10 PDT

Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0