Муфтият: ажылыкка аттанчулар Сауд Аравиянын мыйзамдарын үйрөнүүдө

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЗыяратчылар. Архив
Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда зыяратчылар үчүн атайын колдонмо китепче даярдалып жатат.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунан ажылык сапарга барчуларга семинарлар уюштурулуп, анда ажылыктын шарттары түшүндүрүлүп жатат. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Ошондой эле зыяратчылар ажы башчылар менен таанышып, сапар боюнча маалыматтарды алышууда.

"Алгачкы сабак Каракол шаарындагы борбордук мечитте өтүп, ажы башчылар коопсуздук, саламаттык жана жүрүм-турум эрежелерин түшүндүрүү менен Сауд Аравия эмирлигинин мыйзамдарын үйрөтүүдө", — деп жазылат маалыматта.

Учурда зыяратчылар үчүн атайын колдонмо китепче даярдалып жатат. Анда улуу сапарга аттангандардын милдеттери түшүндүрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0