10:48 25 Теке 2017
Түз эфир
Курулуш иштери. Архив

Өзбекстандын каржылоосу менен Ошко жаңы мектеп салынат

© Sputnik / Евгений Биятов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
91 0 0

Аталган маселени камтыган келишимди Жогорку Кеңеш жактырды.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Ош шаарына салына турган жаңы мектептердин бирин Өзбекстан каржылайт. Аталган келишим бүгүн, 19-июнда жактырылганын Жогорку Кеңештин (ЖК) маалымат кызматы билдирди.

Маселе ЖКнын социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде бүгүн каралып, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы түзүлгөн келишим жактырылды.

Баяндама жасаган Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыкановдун айтымында, Өзбекстан жаңы салынат деп жаткан мектепке каражат гана бөлүп тим болбостон, анын курулуш иштерин дагы өз мойнуна алат.

"Мектеп 630 орунга эсептелип, кыргыз тилинде билим берет. Анын курулушу ушул жыл ичинде толугу менен аяктап калат", — деди Шадыканов.

Жаңы мектептин имараты кыйроо абалында турган Навои атындагы мектептин ордуна салынат.

Тема боюнча

Өзгөндө балдарды төрт сменде окуткан мектептин жаңы имараты курула баштады
Ош шаарында 275 орундуу мектептин курулушуна капсула салынды
Белгилер:
каражат, мектеп, Өзбекстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ