10:48 25 Теке 2017
Түз эфир
Газ плитасы. Архив

Балбан-Таймаш конушунун 820 түтүнүнө газ жеткирилди

© AFP / BARBARA SAX
Коом
Кыскача шилтеме алуу
4720

Жалпы узундугу 9,4 чакырымды түзгөн газ түтүктөрүн долбоорлоо жана курулуш иштеринин жалпы чыгымы 42,9 миллион сомду түздү.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бүгүн, 19-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Балбан-Таймаш жаңы конушунда жашаган 820дай түтүн жаратылыш газы менен камсыз болду. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жалпы узундугу 9,4 чакырымды түзгөн газ түтүктөрүн долбоорлоо жана курулуш иштеринин жалпы чыгымы 42,9 миллион сомду түздү.

Маалыматка карганда, быйылкы жылдын аягына чейин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча 12 жаңы конушка газ киргизилет. Ал эми 2030-жылга чейин Кыргызстанды газдаштыруу деңгээлин 62 пайызга чейин жогорулатуу жана 400 калктуу пункту газ менен камсыз кылуу пландалууда.

Тема боюнча

Кыргызстандын жана Бишкектин айрым жерлеринде газ беш күнгө өчүрүлөт. Тизме
Белгилер:
жаңы конуштар, газ, "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы

ЭҢ МААНИЛҮҮ