ИИМ милиционерлерди кайсы кылыгы үчүн сөгүш берип, кызматтан алган

© Sputnik / Табылды КадырбековКолунда арак кармаган айдоочунун архивдик сүрөтү
Колунда арак кармаган айдоочунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мас абалында унаа айдап жүргөн милиционерлер кызматынан төмөндөсө, РИИБ кызматкери көчөдө заара ушатты деген кине менен жумушунан алынды.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Ички иштер министрлиги мас абалында унаа айдап, кызматтык машина менен курулуш материалдарын ташып мыйзам бузган кызматкерлери үчүн кандай чара көрөрүн ачыкка чыгарды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

ИИМ менен Кайгуул милициясынын өздүк коопсуздук кызматтарынын рейди учурунда Бишкек менен Ош шаарларында мас абалында унаа айдаган милиционерлер аныкталган. 

Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ көчөдө заара ушатты деген милиционердин жумушка кайтаар-кайтпасын айтты
Бул үчүн Чүй менен Оштун ШИИБ Кайгуул милиция башкармалыктарынын жетекчилерине сөгүш жарыяланды. Ал эми кызматкерлердин өздөрү жумуштан алынды.

Муну менен бирге ички иликтөөнүн натыйжасында кызматтык унаа менен курулуш материалдарын ташыганы ачыкка чыккан ИИМ өкүлүнө да сөгүш берилди.

Буга чейин көчөдө заара ушатты делген милиционер кызматынан алынган. Анын таштанды челектердин жанында "коомдук тартипти бузуп жаткан" сүрөтү социалдык тармакка тарап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0