23:38 17 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Милиция кызматкери. Архив

ШИИБ көчөдө заара ушатты деген милиционердин жумушка кайтаар-кайтпасын айтты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
651 0 0

Шаардык милиция жумуштан алынган жарандын кайра кызматына келүүсү үчүн эки жол бар экенин белгиледи

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкектин көчөлөрүнүн биринде заара ушатты делип кызматынан алынган милиционер өзүнүн суранычы менен гана кайрадан жумушуна орношо алат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык ички башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармакта милициянын формасын кийген кишинин таштанды челектердин жанында заара ушатып жатышы мүмкүн делген сүрөт жарыяланган. Интернеттеги кескин сын пикирден улам аталган кызматкер жумуштан алынган. Муну уккан соцтармак колдонуучулары кайрадан милиционердин таламын талашып, 18 жылдан бери кынтыксыз иш алып барган кызматкердин ушинтип жумуштан алынышы ашыкча кадам экенин айтып чыгышкан.

ШИИБ тийиштүү буйрук 16-июнь күнү чыкканын, эми аталган жарандын кызматка келүүсүнүн эки жолу бар экенин айтып беришти.

"Эгер ал бул чечим боюнча сот органдарына кайрылып, процессти жеңип алса, албетте, кызматына кайра келе алат. Же ИИМге буйрукту жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылышы керек", — дешти милициядан.

Ал эми буга чейин коомдук тартипти бузду делген милиционер күнөөсү жок экенин далилдеп, кайра кызматын калыбына келтирүүгө аракет кыларын билдирген.

Аталган милиция кызматкери менен кеңири маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Тема боюнча

Бишкектин чок ортосунда заара ушатып жаткан милиционер кепке калды
Мени иштен мыйзамсыз бошотушту. Көчөдө заара ушатты деген милиционер маек берди
Белгилер:
кызмат, милиционер, ШИИБ, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ