Жаңы жолго беш жыл кепилдик бере аласыңбы? Депутаттардын демилгеси

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттары жол куруу жана оңдоо иштеринен кийинки кепилдик мөөнөттүн узартууну демилгелешүүдө.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Жол салган компаниялар курулган жолду колдонууга бергенден кийин беш жыл кепилдик шартташы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында жарыяланды.

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолуна акы төлөнөт
Аталган демилге мыйзам долбоорунун алкагында Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тарабынан көтөрүлүп чыккан.

Жол курган ишканалар учурда Кыргызстанда сапаты үчүн эки жылдык кепилдик берип келет. Эгерде депутаттардын бул демилгеси колдоо тапса мөөнөт беш жылга чейин узартылат.

Андан сырткары, азыр оңдоо-түзөө иштери аткарылгандан кийин бир жылга кепилдик берилип келсе, бул мөөнөт үч жылга чейин көбөйөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0