Ошто элеттик аялдардын улуттук конференциясы башталды

Жазылуу
Иш-чара Кыргызстандагы элеттик аялдардын күнүнө карата уюштурулууда.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Ош шаарында элеттик аялдардын улуттук конференциясы башталды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Депутат от фракции СДПК Эльвира Сурабалдиева во время интервью ИА Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Радио
Сурабалдиева: кыргыздарда тең укуктуулук илгертен эле болгон
Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандагы элеттик аялдардын күнүнө карата уюштурулууда. Саамалыкка облустардан ишкер айымдар келип, өлкөнүн коомдук, саясий жана экономикалык маселелерине жигердүү катышуу жаатындагы көйгөйлөрдү талкуулашат.

Ошондой эле конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү министрликтин өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар катышат.

Эске сала кетсек, буга чейин аталган конференция Талас, Нарын, Баткен жана Чүй облустарында өткөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0