Түмөнбай Колдошовдун айылга каты. Көк-Ташым, эртедир-кечтир сага барабыз...

© Фото / У.ОмокеевОбончу жана аткаруучу, окутуучу Түмөнбай Колдошов
Обончу жана аткаруучу, окутуучу Түмөнбай Колдошов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул сапар айылга катты обончу жана аткаруучу, окутуучу Түмөнбай Колдошов жазып, Көк-Таш менен ийгиликтерин, жакшылыктарын бөлүштү. Балалыкты эстеди, айылга анча көңүл бөлө албай, өз түйшүгү менен кеткенине түйшөлдү.

— Алло?

—…

— Угулуп жатабы? Айыл апа кандай, тынч жатасыңбы? Табият кырсыктарынан оолак элесиңби? Тоолоруң, сууларың, "Бозумчак" алтын кениң, мээнеткеч асыл элиң аманбы?

Сага айтчу жаңылыгым көп, айылым. Арзып келип окуган, туз буйруп иштеп жаткан Ош мамлекеттик университетинин жамаатынын колдоосу, жетекчиликтин ишеними менен социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор болуп дайындалдым. Ош шаарынан устат күттүм, дос таптым, шакирт тарбиялап жатам. Өзүмдөй айылдан келген кыргыздын улан-кыздарын окутуп, элге-журтка пайдасы тийсе экен деген аруу тилек менен жашап жатамын.

Айыл апа, сенде менин бактылуу балалыгым өттү.

© Фото / У.ОмокеевОбончу жана аткаруучу, окутуучу Түмөнбай Колдошовдун туулуп өскөн Көк-Таш айылы
Село Кок-Таш в Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
Обончу жана аткаруучу, окутуучу Түмөнбай Колдошовдун туулуп өскөн Көк-Таш айылы

Мени балапанындай калкалаган чоң энем…

Эсимде… Коңшулардын үйүнө качып кетип, кечкурун Сабира эжем үйгө алып келчү. Ар күнү кечинде атамдан уруш угуп, экинчи кайталабайм дейм да, эртеси унутуп дагы качып кетем. Чоң энем ырахматы атам экөөбүзгө арачы түшчү, "Кой, бала да, эси киргенде адаты калат" дечү.

Мектепте окудум, тарбияландым, дүйнөгө болгон көз карашым калыптанды. Баса, мектеп демекчи, 11 жыл мектепте бирөө менен жакалашып урушпай, жакшы окуп бүтүрдүм. Бир жолу ушундай окуя болду. Мектеп директорубуз Абдимухтар Абдиназаров агайбыз 6-классыбызда кыргыз адабияты сабагынан кирип калды. Үйгө тапшырма "Кожожаш" эпосун жаттап келүү, сюжетин айтып берүү эле. Класс боюнча жалаң эркек балдар окуп келбептирбиз, журналдагы тизме менен сурап, баарыбызды тургузду да "оку, оку, оку" деп кулагыбызга чертип чыкты. Менин биринчи жана акыркы жолу мугалимден уруш укканым, таяк жегеним ошол болду.

Барпынын 154 сабы акын кылган жок… бирок обонго оодум

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ыргал Кадыралиеванын айылга каты. Шаани чоң апа, тубар көйнөктүн карызын кечтим
Эсимде… Бир ирет сабакта отурсак эшик тыкылдап, бизден жогорку 9-класстын окуучусу Жеңиш келиптир, "директор Түмөнбайды чакырып жатат" деди. Өмүрү директордун кабинетине кирбеген жаным, эмне болду деп коркуп кеттим. Анан Жеңишти ээрчип коридордун аягындагы класска кирдик. Көрсө, 9-класстын окуучулары Алыкул Осмоновдун ырларын окубай келишкен экен, мени мисалга чакырыптыр. Мухтар агай "Кана, Түмөнбай Алыкул Осмоновдун "Отуз жаш", "Адамзат", "Ата Журт" деген ырларын айтып бер" деди. Көркөм окуп бердим. Агай дагы бир топ ырларын айтаары менен жатка окудум. Директор класска карап, "окуган адам ушундай болот, сен бошсуң" деп узатты. Аябай сүйүнүп үйгө айтып келдим. Андан кийин акын болот элем деп, Барпынын ырларынан 154 куплет, башка дагы профессионал адабияттын ири өкүлдөрүнүн ырларынан көп жаттадым. Акын болбодум, ырчылыкка, обон жазууга ыктап кеттим.

Бооруңда чоңойткон уул-кыздарыңдын арасынан үчүнчү болуп илимдин кандидаттыгын коргодум. Мага чейин биринчи болуп маркум авабыз экономика илимдеринин кандидаты, профессор Турсумамат Маралов коргоптур. Андан кийин филология илимдеринин кандидаты, доцент Салима Рысбаева эжебиз илимий ишин ийгиликтүү жактады. А мен болсо агам менен эжемдин жолун уладым.

Жакшылыктарыма ортоктош болгон Көк-Ташым

Доктор педагогических наук Абдыкерим Муратов - Sputnik Кыргызстан
Абдыкерим Муратовдун айылга каты. Энемдин балкондогу таберик сандыгы
Айыл апа, менин кандай жакшылыгым болсо анын баарына күбөсүң. Сенде жүрүп ырдаганды үйрөндүм, тырмак алды обондорум жазылды. Айылдагы көптүн бири болбосун, элге кызмат кылсын, маданиятыбызды көтөрүүгө салым кошсун деп, кыргыз элине мени бердиң. Бүгүн Ош шаарында жашап, иштеп, үй-бүлө күтүп калдым. Жылаңайлак жүгүрүп жүргөн уулуң бүгүн сенден кабар албай, минтип телефондон абалыңды сурап жатат. Оштон Ала-Букага 5-6 саатта араң жетсем, Көк-Ташым сага жетүү үчүн дагы эки саат жол жүрөм. Аралык алыс, жолубуз начар, ушундай шылтоолор менен жылына бир гана жолу дидарлашканга убакыт табам.

Көк-Ташта "Бозумчак" алтын кени ачылганда элибиздин ырыскысы көбөйсүн деп сүйүнгөнбүз. Сууңду ичип, абаңды жутуп чоңойгон уулдарың бир күнү көчөлөрүңдү жаркыратып, жолуңду асфальттап, оорукана, мектептерди жаңылап беребиз. Бүгүн ар кимибиз өз түйшүгүбүз менен алпурушуп, сени унутта калтырдык…

Кайран гана менин Көк-Ташым, эртедир-кечтир сага барабыз…

Жаңылыктар түрмөгү
0