Ошто "Мээримдүү жүрөк" текчелери алына элек. Кайрымдуу адамдар көбөйүүдө

© Фото / Зулфия ТургуноваПолки милосердия "Мээримду журок" ("Доброе сердце") в супермаркетах Оша
Полки милосердия Мээримду журок (Доброе сердце)  в супермаркетах Оша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын ири соода түйүндөрүндө жайгаштырылган "Мээримдүү жүрөк" текчелерине каалоочулар муктаж болгондор үчүн тамак-аш, кийим-кечектерин коюп кетүүдө.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Ош шаарында "Мээримдүү жүрөк" акциясы уланууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган кайрымдуулук акцияга Ош шаарынын мэриясынын өкүлү Замир Юсупов катышып, дүкөндөн алган азык-түлүктөрдү текчеге жайгаштырды.

"Ал жалпы шаар тургундарын, жеке ишкерлерди, саясатчыларды акцияга катышып, текчеге келип салым кошууга чакырды. Бул бей-бечаралардын үй-бүлөсүнө чоң жардам болот деген ишеничин билдирди",— деп жазылат маалыматта.

Швейцариянын эл аралык кызматташуу боюнча Хельветас Свисс Интеркооперейшн уюму Бишкек шаарынын чет жакасындагы Пригородное айылында жашаган майып аялдын үйүн оңдоп жылуулап берди - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө боорукер адамдар II топтогу майып аялдын үйүн жылуулап берди
Кайрымдуулук акциясы ушул жылдын март айында башталып, анда шаардагы дүкөндөргө "Мээримдүү жүрөк" текчеси ачылган. Бул текчелерге каалоочулар колунда жокторго, муктаж болгон адамдарга тамак-аш, кийим-кечелерин коюп кетет.

"Мээримдүү жүрөк" текчелери шаардын соода түйүндөрүндө тогуз жерге жайгаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0