Бишкекте жол коопсуздугу боюнча улуттук форум өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСоблюдение правил дорожного движение в Бишкеке
Соблюдение правил дорожного движение в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган форумда жол кооптуулугун жоюу боюнча адистердин сунуштары айтылат.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында жол коопсуздугу боюнча улуттук форум өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган форум 23-июнь күнү саат 10:00дө борбор калаадагы мейманканалардын биринде болот.

"Иш-чарада жол кооптуулугун  жоюу боюнча сунуштар айтылып, өкмөт менен Жогорку Кеңештин бул багыттта  жасай турган иштери талкууланат", — деп айтылган билдирүүдө.

Аталган форумду "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы "Жол коопсуздугу" фонду менен биргеликте уюштурууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0