Бишкектин көчөсүндө заара ушаткан милиционердин ким экени аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековФуражка милиционера в Кыргызстане
Фуражка милиционера в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле Бишкектин көчөлөрүнүн биринде, таштанды челектин жанында заара ушатып жаткан милиционердин сүрөтү социалдык тармакка тарап кеткен.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкектин көчөлөрүнүн биринде болжол менен заара ушатып жаткан деп сүрөтү социалдык тармакка тарап кеткен милиция кызматкеринин ким экендиги аныкталды. Бул туурасында шаардык милициядан кабарлашты.

Сотрудник милиции выстрелил в 15-летнего подростка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Азыр өлтүрүп салам! Милиционер менен айдоочунун чыры
Instagram социалдык тармагындагы bishpromogroup профилинде жарыяланган сүрөттө милиционер таштанды челектеринин жанында заара ушатып жатканын көрүүгө болот. Сүрөткө ошондой эле MVD 142 B мамлекеттик номерлүү "НИВА" үлгүсүндөгү автоунаа дагы түшүп калган. Маалыматка ылайык, окуя Гоголь көчөсүнүн Киев жана Токтогул көчөлөрөнүн ортосундагы бөлүгүндө болгон.

Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан ал кызматкердин ким экендигин аныкталгандыгын айтышты. 

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуМилиция кызматкери Бишкек шаарынын Гоголь көчөсүндө заара ушатып жатат
Милиционер якобы справляет нужду на улице Гоголя в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Милиция кызматкери Бишкек шаарынын Гоголь көчөсүндө заара ушатып жатат

"Башка маалыматтарды дүйшөмбү күнү айтабыз", — дешти аталган бөлүмдөн.

Шаардык милициядан ал кызматкерге кандай чара көрүлөрү туурасында так айта алышкан жок. Бир катар ЖМКлар ШИИБ аны кызматтан бошотуп жибериши мүмкүндүгүн жазып чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0