Борбор калаанын айрым аймактарына суу берүү чектелет

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүСезонное отключение горячей воды
Сезонное отключение горячей воды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым аймактарды таза суу менен камсыздоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу суу берүү чектелген

БИШКЕК, 17-Июн. — Sputnik. Жаңы конуштарды таза суу менен камсыздоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу борбор калаанын айрым аймактарына суу берүү убактылуу токтотуларын "Бишкексууканал" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жайдын келиши менен керектөөчүлөрдүн саны көбөйүп, суу тартыштыгы жаралган. Мындан улам, ишканадагы эки суу кампадан резервдеги 40 скважина ишке кирген. Буга чейин шаардын чыгыш-батыш тарабы  жана жаңы конуштардан башка аймактар таза суу менен камсыздалган.

Суу тартыштыгы жаралган аймактар:

  • "Ак ордо" конушу жана Ахунбаев, Өмүракунов, Долон-Бий, Гүл-Ордо, КүнТуу көчөлөрү;
  • "16 га" конушу;
  • "Арча-Бешик" конушу, Бах көчөсүнүн чыгыш тарабы Абдрахманов жана Бакаевге чейин жана Ойсул-Ата, Кызыл–Адыр көчөлөрү;
  • Чоң-Арык айылы;
  • "Ала-Арча" конушу, Ош — 3000 көчөсү жана Селекция айылы;

Азыркы тапта Бакаев көчөсү менен "Ак ордо" конушуна суу киргизүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле "Ала-Арча" конушуна автоунаа менен суу жеткирүү уюштурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0