Кыргызстандын жана Бишкектин айрым жерлеринде газ беш күнгө өчүрүлөт. Тизме

© пресс-служба мэрии города БишкекПодключение жилого массива "Салам-Алик" к природному газу
Подключение жилого массива Салам-Алик к природному газу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштерине байланыштуу беш күндөй газ берилбейт.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкек, Токмок жана Кадамжай шаарларынын айрым жерлеринде газ беш күн жок болот. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынан кабарлашты.

VII Форум творческой и научной интеллигенции стран СНГ - Sputnik Кыргызстан
Бекердин күнү бүттү! Түркмөн президенти социалдык жеңилдиктерди жокко чыгарат
Маалыматка ылайык, 19-июнда Токмок шаарынын Шамсинкий, Кадамжай шаарынын Школьный көчөлөрүндө газ өчүрүлөт.

Чүй облусунун Орто-Сай айылында 19-июндан 23-июнга чейин көгүлтүр от берилбейт. Ал эми борбор калаанын Медеров, Элебаев, Леваневский, Жукеев-Пудовкин, Гранитный көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө жана эл жашаган "Ницца", "Салтанат" аймактарында  20-21-июнда газ жок болот.

Оңдоо иштерине байланыштуу ошондой эле 21-22-июнь күндөрү Медеров, Матросов, Карасаев, Жаш Гвардия көчөлөрүндө, 22-23-июнда Курманжан датка, Саратов, Западный көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүнө газ берүү иши үзгүлтүккө учурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0