Нарында балдарга үч жашка чейинки тарбия берүү боюнча форум өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКызын көтөрүп турган ата. Архив
Кызын көтөрүп турган ата. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форумдун жыйынтыгында балдарды эртелеп өнүктүрүү боюнча стандарттарды киргизүү максатында педагогикалык жогорку окуу жайлардын бирдиктүү желесин түзүү каралат.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Нарында жаңы төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын пайдаланууну ишке ашыруу боюнча форум өтөт. Бул туурасында Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Игры детства к Международному дню защиты детей - Sputnik Кыргызстан
Шаар мектептердин алдында окуучулар үчүн жайкы лагерь уюштурулат
Уюштуруучулар форумдун максаты – өлкөдөгү педагогикалык жогорку окуу жайларынын ортосунда бирдиктүү желени түзүү аркылуу балдарды жаңы төрөлгөндөн тартып үч жашка чейин өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын турмушка ашыруу экенин айтышты.

Анда базалык стандарттар тууралуу маалымат берилип, аны мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикалык практикасына киргизүү жөнүндөгү маселе талкууга алынат.

Эске салсак, 2016-жылы БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен эксперттер тарабынан балдарды жаңы төрөлгөндөн тартып үч жашка чейин өнүктүрүүнүн базалык стандарттары иштелип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0