БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кара-Көл шаарынын жаштары 96 жаштагы Курманжан Шерикбекова эненин үйүн оңдоп беришет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жаштар 100 миң сомдук каражат чогултушкан.
"Батирди оңдоп-түзөө үчүн жаштар чогултка акчага керектүү каражаттарды алып, оңдоо иштерин башталды. Бул демилгени мечитке келген жаштар өздөрү көтөрүшкөн", — деп жазылат маалыматта.
Курманжан Шерикбекова учурда I топтогу майып, эки буту жок уулу менен күн кечирип келет.