Мэрия жарандарды мыйзамсыз курулуштар боюнча кабарлоого чакырат

Жазылуу

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясы мыйзамсыз курулуштар боюнча жарандарды кабарлап турууга чакырат. Бул тууралуу аталган муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь айында мыйзамсыз курулуштарды жөнгө салуу боюнча ыкчам штаб түзүлгөн.

Аталган штабга тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери мүчөлүк кылып, мыйзамсыз жер ээлөө жана курулуштарга көзөмөл кылат.

Жарандар ар бейшемби күнү мэрияга кайрылып, маалыматтары менен бөлүшсө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0