"Энесин көрүп кыз өсөт" көргөзмөсү бардык энелер менен кыздарды чакырат

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген кыздар. Архив
Улуттук кийим кийген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмөнүн концепциясы ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын эл аралык эксперти Динара Чочунбаевага таандык.

БИШКЕК, 16-июн.— Sputnik. Жакында борбор калаада "Энесин көрүп кыз өсөт" же кийинки муундарга берилген мурас тууралуу көргөзмө өтөт. Бул туурасында Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Көргөзмөдө кол өнөрчөлүк менен алектенген белгилүү айымдардын эмгектери коюлат. Алар — кийизден жасалган буюмдар, ар кыл үлгүдөгү кийимдер, живопись жана графика.

"Келген көрүүчүлөр көргөзмөгө коюлган оокаттардан улам кол билги энелердин таланты кыздарына кандай таасир тийгизгендигин аңдап биле алат. Улуулардан келе жаткан жөндөм, шык кантип кийинки муунга өтүп, искусствого болгон сүйүүнүн учугу үзүлбөгөндүгүн көрө алышат", — деп айтылат маалыматта.

Көргөзмөнүн концепциясы ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын эл аралык эксперти Динара Чочунбаевага таандык.

Көргөзмө 25-июлда башталып 12-августта аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0