Соттолуп жаткан Текебаев менен Чотоновдун иши убактылуу токтотулду

© Sputnik / Расул УсеналиевСуд над политиком Омурбеков Текебаевым
Суд над политиком Омурбеков Текебаевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чотоновдун жактоочулары Бишкек шаардык сотунун чечимине макул эместигин билдирип, Жогорку сотко көзөмөл арыз менен кайрылышкан.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Коррупция беренеси боюнча айыпталып жаткан Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун Биринчи Май райондук сотундагы иши убактылуу токтотулду. Себеби, Чотоновдун жактоочулары Жогорку сотко көзөмөл арыз менен кайрылышкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев сот залында - Sputnik Кыргызстан
Текебаев: сот отуруму керек болсо түз эфирден көрсөтүлсүн!
Белгилей кетсек, 12-июнда Бишкек шаардык сотунда Текебаев менен Чотоновдун иши каралып, сот аларды камакта калтыруу чечимин чыгарган.

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында (алдамчылык) камтылган белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүп берилген.

Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0