Баткен: жолду начар курган кытайлык компанияга айып салынып, иши токтотулду

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жолду кытайлык "Синдьзянь Бейсин Роад" компаниясы салып жаткан.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Баткен шаарындагы жолдордун бирин куруп жаткан компания жолду адам өмүрүнө кооптуулук келгидей кылып салып жаткандыктан иши убактылуу токтотулду. Бул туурасында Мамэкотехинспекциянын маалымат кызматы кабарлады.

Компания административдик жоопко тартылган.

Ремонт дорог в Омске - Sputnik Кыргызстан
Төө-Ашуу менен Суусамырдын жолуна асфальт төшөлө баштады
"Аталган унаа жолун салып жаткан "Синдьзянь Бейсин Роад" компаниясы эреже боюнча сел өткөрүүчү бетон түтүкчөлөрүн атайын түтүкчө орнотуучу кран менен эмес, жер тегиздөөчү унаа жана жер казуучу экскватор менен орнотуу аракеттерин көрүшкөн. Жол курууда мындай шалаакылык адам өмүрүнө чоң коркунуч жаратып, эч кандай кепилдик берүүгө мүмкүн эмес", — деп жазылган билдирүүдө.

Маалымат кызматы мыйзамга дал келбей жасалып жаткан бул курулуш убактылуу токтотулгандыгын билдирди.

"Инспекторлор тарабынан акт, протоколдор түзүлдү. Аталган ишкана коюлган мөөнөт аралыгында тийиштүү талаптарды аткарбаса мыйзам чегинде катуу жазаланарын инспекторлор эскертти", — деп айтылган маалыматта.

Аталган жолду кытайлык "Синдьзянь Бейсин Роад" компаниясы салып жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0