Путин ата-энеси, кыздары жана неберелери тууралуу кеп салды

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путиндин архивдик сүрөтү
Россиянын президенти Владимир Путиндин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидеринин айтымында, кээде күйөө балдары менен айрым маселелерди талкуулап, пикир алмаша да кетишет.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин режиссер Оливер Стоунга берген маекте ата-энеси, кыздары жана небереси тууралуу айтып берди. Анын интервьюсу Showtime телеканалына чыккан. 

Россия лидери атасы согушта атайын бөлүктө кызмат кылганын, бирок кийинчерээк ошол кездеги эң оор болгон багыт — Ленинград фронтуна жөнөтүлгөнүн айткан.

"Мен алардын кеч көргөн баласы элем. Мага чейин эки баласы чарчап калыптыр, алардын бири Ленинград блокадасында каза болгон экен", — деп айткан Путин.

Президент Оливер Стоундун неберелериңизди жакшы көрөсүзбү деген суроосуна "абдан жакшы көрөм" деп жооп берген. Анткен менен мамлекет башчысы убактысынын тардыгынан улам кыздарынын балдары менен сейрек ойнорун кошумчалаган.

Интервью учурунда ал кыздары менен сыймыктанарын, алардын өзүнүн жашоосу бардыгын жана алар менен көрүшүп турарын айтып берген. Кээде күйөө балдары менен айрым маселелерди талкуулаганда талаша да кетишерин билдирген.

"Эң сонун пикирлер айтылат. Биз талашпайбыз, бирок кызуу талкууга алабыз десем болот го. Ага кыздарым да кошулат", — деген ал.

Россия лидери балдары саясатка аралашпагандыгын, ири бизнес менен алектенишпей турганын, убактыларын билим, илимге жумшап келишерин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0