Лейлекте жетим-жесирлерге 1,5 тонна ун, 150 литр май таратылды

© Sputnik / Павел ЛисицынКаптагы ун. Архив
Каптагы ун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилге жергиликтүү имам тарабынан көтөрүлүп, жеке ишкердин жардамы менен ишке ашты.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Баткендин Лейлек районунда жетим-жесир жана жакыр үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, элге 1,5 тонна ун, 60 килограмм шекер жана 150 литр өсүмдүк майы берилген.

"Жалпы 30 муктаж адамга азык-түлүк таратылды. Ал эми алыс болуп келе албай калгандарга жардамдар жеткизилди",— деп жазылат маалыматта.

Демилге жергиликтүү имам тарабынан көтөрүлүп, жеке ишкердин жардамы менен ишке ашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0