Бишкекте көчөнүн ортосунда капыстан пайда болгон түркүк элди таңгалдырууда

© Sputnik / Табылды КадырбековРасширение проезжей часть улицы Фатьянова в Бишкеке
Расширение проезжей часть улицы Фатьянова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр зымын тарткан түркүк жаңы оңдолгон көчөнүн ортосунда турат. Окурман бул жерден автоунаа айланып өтөбү деген маанайда мэрияга суроо салган.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы Фатьянов көчөсүндө электр зымдары тартылган түркүк жолдун дээрлик ортосунда турат. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине шаар тургундары Whatsapp аркылуу салып жиберген.

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуБорбор калаадагы Фатьянов көчөсүндө жолдун ортосунд турган түркүк
Столб телефонной связи посредине дороги на отремонтированной улице Фатьянова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаадагы Фатьянов көчөсүндө жолдун ортосунд турган түркүк

"Бишкекте Фатьянов көчөсүн кеңейтилип,оңдолуп жаткан. Эми карасак, электр карагайы жолдун дээрлик ортосунда кала бериптир", — деп жазган ал.

Окурман мэрияга "эми бул жерден автоунаалар айланып өтөбү" деп суроо салган.

Ал эми муниципатилеттин маалымат кызматынан жолду оңдоо иштери уланып жатканын, ал эми түркүктү Бишкек телефон станциясынын кызматкерлери жолдун жээгине көчүрүп, кайра орнотушаарын билдиришти.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин 0706 566 544 WhatsApp номери аркылуу билдириңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0