16:04 04 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Коом
Кыскача шилтеме алуу
126 0 0

Хан-Теңир чокусу Кыргызстан, Казакстан жана Кытай өлкөлөрүнүн чек арасында жайгашкан. Бийиктиги 7010 метрди түзөт.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы "Хан-Теңир" мамлекеттик жаратылыш коругуна кирүү акысынын 5000 сом болушу альпинисттерге гана тиешелүү. Бул тууралуу өкмөттүн Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл облусундагы бөлүм башчысы Фархад Чегебаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Буга чейин кирүү акысы туристтер үчүн жогорулап, ал 5000 сомду түздү деген маалымат пайда болгон.

Кыргызстандагы туристтер ассоциациясынын башчысы Тимур Акбышев аталган мамлекеттик корукта Хан-Теңир чокусу жайгашкандыктан ал жакка кызыгып келген туристтер көп болорун, бирок нарк өтө эле кымбат экенин айтты.

Ал эми Чегебаев бул баа беш миң метрден бийик жерге чыккан альпинисттерге тиешелүү экенин, нарк келтирилген чыгымдардан улам эсептелип чыкканын айтат. 

Цена на вход в заповедник Хан-Тенири
© фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Ысык-Көл облусундагы "Хан-Теңир" мамлекеттик жаратылыш коругуна кирүү акысы

"Беш миң метрден ашкан чокуга көпчүлүгү альпинисттер эле чыгат. Алар жок дегенде эле бир жумадан ашык жүрөт экен. Бул бааны биз деле ойдон чыгарган жокпуз. Мамлекеттик парк кызматкерлери эсептеп туруп беришти. Мисалы бир-эки жумага чыккан альпинист чатырын тигип, таштанды таштайт. Анын баарын чыгып ал жактын кызматкерлери тазалашы керек. Ал эми жөнөкөй туристтер үчүн мамлекеттик паркка кирүү акысы жеңил унаага 100 сом, ал эми жүк ташуучу унаага 450 сом алынат", — деди Чегебаев.

Белгилей кетсек, Хан-Теңир чокусу Кыргызстан, Казакстан жана Кытай өлкөлөрүнүн чек арасында жайгашкан. Бийиктиги 7010 метрди түзөт.

Тема боюнча

Сары-Челек, Падыша-Ата жана Беш-Арал коруктары ЮНЕСКОнун тизмесине кирди
Корук директору: браконьерлер балык эле эмес, өзүнүн, бүлөсүнүн убалын ойлобой жатат
Белгилер:
улуттук парк, парк, чоку, баа, Хан-Теңири

ЭҢ МААНИЛҮҮ