Ичкениңиз ирим, жегениңиз желимби? Стресс менен депрессиядан арылуунун жолдору

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-тоо аянтындагы майрамдык иш чаранын коноктору. Архив
Ала-тоо аянтындагы майрамдык иш чаранын коноктору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көңүл чөгүп, жан дүйнө буулугуп, өзүңө батпай, кежигең тырышып, сиркең суу көтөрбөй калса, демек, кайгы-капанын сазында жүргөн болосуң.

Журналист Гүлдана Талантбекова стресс жана депрессиянын себептери, кесепети жана андан чыгуунун жолдору тууралуу кеп кылат.

© Sputnik / Табылды КадырбековПсихолог Чынара Термечикова: депрессия болгон адамдын маанайы бузулулат, адамдар менен сүйлөшкөндү каалабайт, уйкунун качышы же тескерисинче, уктай берүү байкалат, кыжырданат, тынчсызданат, чарчайт, арыктайт же толуп кетет
Психолог центра укрепления семьи Данакер Чынара Термечикова - Sputnik Кыргызстан
Психолог Чынара Термечикова: депрессия болгон адамдын маанайы бузулулат, адамдар менен сүйлөшкөндү каалабайт, уйкунун качышы же тескерисинче, уктай берүү байкалат, кыжырданат, тынчсызданат, чарчайт, арыктайт же толуп кетет

"Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Чынара Термечикованын айтымында, стресс — жагымсыз окуялардын тийгизген таасири, ошондон улам киши тушуккан абал. Адам кыска мөөнөткө өзүн жоготуп, кудум эле асман түшүп кеткендей сезет. Стресс өрчүү деңгээлине жараша чоң жана кичине деп бөлүнөт. Кичине стресс майда-барат нерседен келип чыгат. Бир жагынан организмди анда-санда майда стресстер менен чочутуп туруу пайдалуу экен. Антпесе адам чоң стресске туруштук бере албай калат. Ал эми стресстин жыйындысы депрессия деп аталат.

"Депрессия болгон адамдын маанайы бузулулат, адамдар менен сүйлөшкөндү каалабайт, уйкунун качышы же тескерисинче, уктай берүү байкалат, кыжырданат, тынчсызданат, чарчайт, арыктайт же толуп кетет. Ыйлаак болуп калат, чечим кабыл алуу жөндөмдүүлүгү азаят. Башкача айтканда, "чын жүрөктөн баары бир" деген кишиге айланат. Депрессияга көңүл бурбай, анын менен күрөшпөсө, ал адамды жан кечтиликке жетелеши мүмкүн", — деди психолог.

Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажырашуу азабы эмнеден келип чыгат? Үй-бүлөлүк чыр-чатактын себептери
Термечикованын айтмында, ар бир адам стресс менен депрессияны жеке кулк-мүнөзүнө, жүрүм-турумуна, темпераментине жараша кабыл алат. Кыйын күндө белди бекем бууган, ошондой эле болор-болбоско асан кайгылана бергендер да бар.

"Маселен, эшикте шамал болуп жатса сизге жагымдуу туюлганы менен мен үчүн ыңгайсыз сезилиши мүмкүн. Баланын кичинекей кезинен тарта социалдык жөндөмдүүлүктөрүн өстүрсө, мамиле курганды үйрөтсө, айланадагы процессти, жаратылыштагы өзгөрүүлөрдү түшүнүү менен кабыл ала алса стресске туруктуу болуп чоңоет", — деди Чынара айым.

Кайгы-капанын капканында калбаш үчүн эмне кылуу керек?

Ошондой эле стресстен чыгууга спорт менен машыгуу, сүйгөн ишиң менен алектенүү, жакын адамдарың менен баарлашуу, сүйгөн тамагыңды жасоо, дүкөн кыдыруу сыяктуу күнүмдүк нерселер жардам берет.

© Sputnik / Табылды КадырбековПсихолог Чынара Термечикова: невроз оорулары — социалдык дарт. Күнүмдүк жашоодо үй-бүлө, бир тууган, кесиптештер менен болгон мамиледеги пикир келишпестиктердин жыйындысы. Иш кылганда булчуңдар чарчаса, нерв түрдүү маалыматтардан чарчайт
Психолог центра укрепления семьи Данакер Чынара Термечикова - Sputnik Кыргызстан
Психолог Чынара Термечикова: невроз оорулары — социалдык дарт. Күнүмдүк жашоодо үй-бүлө, бир тууган, кесиптештер менен болгон мамиледеги пикир келишпестиктердин жыйындысы. Иш кылганда булчуңдар чарчаса, нерв түрдүү маалыматтардан чарчайт

Психологдун айтымында, эгер стресстен арылуунун жолун таппай кыйналган учурда адиске кайрылуу зарыл. Адам болуп өткөн нерселерди унуттум дегени менен дене бардыгын сактап калат. Денедеги ачуу кайгы-капаны чыгарууга психотерапевт жардам берет. Анткени, эртеби-кечпи, ар бир адам стресс менен депрессияга дуушар болот.

Дарыгер-невропатолог Темирбек Бекбоев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Невролог Бекбоев: сөз адамды өлтүрө да, дарылай да алат!
Дарыгер-невролог Темирбек Бекбоевдин айтмында, стресс медициналык тил менен айтканда — нервдин чыңалуусу, депрессия — көңүлдүн чөгүшү. Стресс менен депрессиянын кесепети невроз ооруларына алып келет. Невроз оорулары үч топко бөлүнөт. Неврастениялык невроз, долу неврозу (истерия — ред.), жабышма невроз. Неврастения — нервдин табигый чарчашы. Буга көбүнчө эркек кишилер кабылат. Эркек аялдарга салыштырмалуу жоопкерчиликтин чоңдугунан жабыр тартат. Экинчиси — долу неврозу деп аталат. Буга көбүнчө аял киши кабылат. Аялдар эркектер сыяктуу эле күчтүү, бирок эмоцияга бат алдырат. Оорудан көзү көрбөй, кулагы укпай, калтырап-титиреп келишет. Жабышма невроздо адамга терс ойлор келет. Кекчил болуп, ар кандай фобияларды ойлоп таап алат.

"Невроз оорулары — социалдык дарт. Күнүмдүк жашоодо үй-бүлө, бир тууган, кесиптештер менен болгон мамиледеги пикир келишпестиктердин жыйындысы. Иш кылганда булчуңдар чарчаса, нерв түрдүү маалыматтардан чарчайт", — деди Бекбоев.

Сиз бул төртөөнүн кайсы түрүнө киресиз, биле жүрүңүз

Дарыгер стресс менен депрессия адамдын кулк-мүнөзүнөн да көз каранды экенин белгиледи. Атам замандан бери мүнөздөр төрт түргө бөлүнүп келет.

Пневматиктер — териси калың адамдар. Алар жөнөкөй нерсеге жооп кайтарбайт, чыдамкай келишет. Бирок ошол абалдан чыгып кетсе өтө коркунучтуу. Жан дүйнөсү талкаланса, көп убакытта калыбына келет.

Холериктер — териси жука адамдар. Маалыматты бат кабыл алып, ага реакция жасап ийишет дагы кайра тез чыгарып салат.

Сангвиниктер — маалыматты орточо кабыл алышат.

Меланхоликтер кыргызча айтканда "асан кайгылар". Болор-болбоско эле кайгырып, маанайын чөктүрө беришет.

Дарыгер белгилеп кеткендей ар бир адам уникалдуу. Неврологиялык ооруларды дарылоодо адис менен кеңешүү зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0