Айдоочуларга эскертүү! Боомдо жума аягына чейин таш кулатылат

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтодорога Бишкек–Иссык-Куль
Автодорога Бишкек–Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таш кулатуу иштери саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүп автоунаа жолу маал-маалы менен жабылып турат.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Поезд жана автоунаа каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 12-июндан 16-июнга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун (122-чакырымы) Боом капчыгайында таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргызтемиржолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 15:00гө чейин автоунаа жолу маал-маалы менен жабылып турат.

"Жолдо 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштери токтотулуп, Кайгуул милициясы тарабынан алар өткөрүлүп турат", — деп айтылат маалыматта.

Ишкана жетекчилиги түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жарандардан абалды түшүүнү менен кабыл алууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0