Өкмөт бөрү сөзүндөгү катаны ким кетиргенин айтты

© SputnikЫйман, адеп жана маданият жылына карата өкмөттүн атынан келген смс билдирүү
Ыйман, адеп жана маданият жылына карата  өкмөттүн атынан келген смс билдирүү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернеттин бир катар колдонуучулары өкмөттүн атынан келген мындай кыска билдирүүдө одоно ката кетпеши керек эле деген пикирлерин социалдык тармактарга жазган.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Ыйман, адеп жана маданият жылына карата  өкмөттүн атынан келген билдирүүдөгү ката уюлдук оператордун техникалык катасы. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине өкмөттөн билдиришти.

"Сөздүн туура эмес жазылышы  — уюлдук оператор тарабынан кеткен техникалык ката. Ал үчүн өкмөттү күнөөлөгөн туура эмес", — деди өкмөт өкүлү.

Белгилей кетсек, 10-июнда уюлдук операторлордун биринен "Ыйман, адеп жана маданият жылы" Бөлүнсөң бөөрү жеп кетет, Бөлүнүп калды кыргыз деп, Бөлөк элге кеп кетет. (Манастан)" деген билдирүү келген.

Филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев "Манастан" алынган төрт сап ырдагы "бөөрү" деген сөз туура эмес жазылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине  түшүндүрүп  берди.

"Негизи бөрү деп бир "ө" тамгасы менен жазылышы керек болчу. Бул жерде ката кеткен", — деди профессор.

Интернеттин бир катар колдонуучулары өкмөттүн атынан келген мындай кыска билдирүүдө одоно ката кетпеши керек эле деген пикирлерин социалдык тармактарга жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0