Окуучу кыз Кыргызстандын атынан Ливандагы сулуулук сынагына катышат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык Сусанна Егорян Ливандагы эл аралык сулуулук сынагында өлкө намысын коргойт
Кыргызстандык Сусанна Егорян Ливандагы эл аралык сулуулук сынагында өлкө намысын коргойт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакты жеңген сулууга беш миң доллар ыйгарылып, таажы кийгизилет. Аталган сынакка 42 өлкөнүн өкүлдөрү катышат.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызстандык Сусанна Егорян Ливандагы эл аралык сулуулук сынагында өлкө намысын коргойт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына борбор калаадагы моделдик агенттиктердин биринин директору Таттыбубу Самидин кызы билдирди.

@up_models.kg @r.talipoff @miss_kyrgyzstan_org @miss_kyrgyzstan_org2

Публикация от WORLD MODEL👑🌍 (@susa_bonn) Май 30 2017 в 8:24 PDT

Маалыматка ылайык, "World Next Top Model 2017" аталышындагы сулуулук сынагы 14-июлдан 5-августка чейин Ливандын борбору Бейрут шаарында өтөт. Иш-чарага Кыргызстандын атынан "Мисс Кыргызстан – 2017" улуттук сулуулук сынагында "Мисс подиум Кыргызстан" наамын жеңген Сусанна Егорян катышат.

🙎

Публикация от WORLD MODEL👑🌍 (@susa_bonn) Май 11 2017 в 1:50 PDT

Егорян 17 жашта, ал борбор калаадагы №8 мектепти быйыл аяктайт.

-Без неё минута казалась годом..🌙

Публикация от WORLD MODEL👑🌍 (@susa_bonn) Май 2 2017 в 3:03 PDT

Сынакты жеңген сулууга беш миң доллар ыйгарылып, таажы кийгизилет. Аталган сынакка 42 өлкөнүн өкүлдөрү катышат.

Эске сала кетсек, өткөн айдын соңунда дагы Ливанда кыргызстандык сулуу байгелүү кайткан. Анда модель жана актриса Алина Пирматова эл аралык Miss Asia World — 2017 сулуулук сынагында "Дүйнөнүн жаш сулуусу" (Miss Teen World) наамын алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0