БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Аксыда күйдүргү оорусунун жайылып кетишин алдын алуу максатында Жалал-Абад облустук фитосанитардык кызматы тарабынан тиешелүү органдарга атайын иш-чараларды өткөрүү боюнча тапшырма берилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Эске сала кетсек, быйыл 7-июнда Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагынын Бүркүт тилкесинде Авлетим дарыясынын суунун деңгээли көтөрүлгөн. Анын деңгээли күйдүргү жарасы менен ооруган мал-жан көмүлгөн, жээкке жакын жайгашкан жерге чейин жеткен.
Аталган маселени чечүү максатында ӨКМ менен Жарандык коргонуу комитетинин, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук кызматынын райондук бөлүмдөрү иш алып барууда.
Аларга 10-июнга чейин жээкти бекемдеп, көмүлгөн жерди коргоо тапшырмасы коюлду.