"Арзу" ресторанынан аркарлардын катырылган кеби табылды

© Фото / антибраконьерская группа "Барс" NABUБишкектеги "Арзу" ресторанынан Кызыл китепке кирген жаныбарлардын катырлган кеби табылган
Бишкектеги Арзу ресторанынан Кызыл китепке кирген жаныбарлардын катырлган кеби табылган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлардын кеби атайын рейд учурунда аныкталган.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бишкектеги "Арзу" ресторанынан Кызыл китепке кирген жаныбарлардын катырлган кеби табылган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Германиянын айлана-чөйрөнү коргоо союзунун (NABU) коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Зарина Эсенбаева билдирди.

© Фото / антибраконьерская группа "Барс" NABUБишкектеги "Арзу" ресторанынан Кызыл китепке кирген жаныбарлардын катырлган кеби табылган
Бишкектеги Арзу ресторанынан Кызыл китепке кирген жаныбарлардын катырлган кеби табылган - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкектеги "Арзу" ресторанынан Кызыл китепке кирген жаныбарлардын катырлган кеби табылган
© Фото / антибраконьерская группа "Барс" NABUАйта кетсек, борбор калаадагы көңүл ачуу жайларында браконьерлерди кармоо максатында рейд жүргүзүлүп жатат. Жыйынтыгында аталган ресторандан аркарлардын кеби табылды.
Айта кетсек, борбор калаадагы көңүл ачуу жайларында браконьерлерди кармоо максатында рейд жүргүзүлүп жатат. Жыйынтыгында аталган ресторандан аркарлардын кеби табылды. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Айта кетсек, борбор калаадагы көңүл ачуу жайларында браконьерлерди кармоо максатында рейд жүргүзүлүп жатат. Жыйынтыгында аталган ресторандан аркарлардын кеби табылды.
1/2
Бишкектеги "Арзу" ресторанынан Кызыл китепке кирген жаныбарлардын катырлган кеби табылган
2/2
Айта кетсек, борбор калаадагы көңүл ачуу жайларында браконьерлерди кармоо максатында рейд жүргүзүлүп жатат. Жыйынтыгында аталган ресторандан аркарлардын кеби табылды.

Айта кетсек, борбор калаадагы көңүл ачуу жайларында браконьерлерди кармоо максатында рейд жүргүзүлүп жатат. Жыйынтыгында аталган ресторандан аркарлардын кеби табылды.

Аркар (Марко Поло) Кызыл китепке кирген жаныбар болгондуктан ага аң улоого тыюу салынган.

Бадхызский заповедник - Sputnik Кыргызстан
Эки бала кулжаны мыкаачылык менен ташка алып, өлтүргөн видео тарады
Рестарандын директор Шавкат Нурдинов жаныбарлардын кебин кармоо үчүн атайын документтерди алуу керектигин билбегенин айтат.

"Булардын сакталып турганына 20 жылдан ашык убакыт өттү. Буларга атайын документ даярдоо керектиги тууралуу билген эмесмин. Бирок билбестик мени жоопкерчиликтен бошотпойт. Уруксат берүүчү документ алуу мүмкүнчүлүгү болсо, албетте, жакшы. Эгер андай болбосо мен буларды музейге белек кылууга даярмын", — деди директор.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлү Абай Жаныбековдун айтымында, ресторанга эскертүү берилди.

"Ресторанга Кызыл китепке кирген жаныбарлардын кебин сактоо үчүн документтерди даярдоого эки жума убакыт берилди. Эгер ошол аралыкта кагаздар даяр болбосо, экспонаттар алынат", — деди ал.

Рейдди NABU, милиция жана Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги биргелешип өткөрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0