Жатын моюнчасынын рагы тымызын жайлайбы? Аты жаман оору тууралуу эки ооз кеп

Жазылуу
Аялдарды азапка салган жатын моюнчасынын рагы акыркы баскычына чейин сыр бербей тымызын жайлашы мүмкүн. Журналист Гүлдана Талантбекова Улуттук онкология борборуна баш бакты.

Онкологиялык борбордун коридорун аралай басканда ооруга кабылгандардын көбү улгайган аялдар экендигин байкоого болот. Антейин десең, жаш туруп деле бул дартка чалдыккандар жок эмес.

Сахар диабети менен ооруган аял озүнө инсулин уколун жасоого даярданууда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каның катып суусап, кийин көзүң көрбөй калышы мүмкүн. Кант диабетинин каары
55 жаштагы Бурул эже рак оорусуна чалдыгам деп үч уктаса да түшүнө кирген эмес. Оорунун белгилери олуттуу болуп баштаганда аймактык гинеколог борборго баруусун сунуштаган.

"Жатындан кан аралаш суюктук ага баштады. Бирок кыз-келиниме айткандан тартындым. Жатын рагына кабылдың дегенди укканда үч күн ыйладым. Эмне себептен ооруга чалдыкканымды так айта албайм. Суук тийгендин кесепети болушу мүмкүн. Анын үстүнө күйөөм беш жыл мурун каза болгон", — деди бейтап.

Жогорку даражадагы дарыгер-онколог, медицина илимдеринин кандидаты Чынара Батырканованын айтымында, жатын моюнчасынын рагы паппилома вирусу аркылуу пайда болот. Оору жыныстык катнашта, төшөктө өнөктөштөрдү бат-баттан алмаштырган учурда берилет.

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаЖогорку даражадагы дарыгер-онколог, медицина илимдеринин кандидаты Чынара Батырканова
Врач Национального центра онкологии КР Батырканова Чынара Жээнбековна - Sputnik Кыргызстан
Жогорку даражадагы дарыгер-онколог, медицина илимдеринин кандидаты Чынара Батырканова

"Аялзаты жатын моюнчасынын шишигине жыныстык катнаш аркылуу кабылат. Өздөрү өнөктөштөрүн алмаштырбаган учурда деле, эркектен жугушу мүмкүн" — дейт дарыгер.

Оорунун баскычтары төмөндөгүдөй

  • Биринчи баскычта жатын моюнчасынын ичиндеги былжыр чел жаралана баштайт.
  • Экинчи баскычта шишик жатындын тегерегиндеги ич майга жана анын айланасына тарайт.
  • Үчүнчү баскычта шишиктер сөөккө чейин жетет.
  • Төртүнчү баскычта жатын моюнчасынан шишиги чоңоюп, табарсык менен көтөн чучукту тиреп, без жана кан аркылуу башка органдарга таасирин тийгизет.

Эмчек операциясында даярданып жаткан айым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жыл сайын 100 миң аялдын 10у эмчек рагына чалдыгат
Дарыгердин айтымында, жатын моюнчасынын рагы башка оорулар сыяктуу кабар бербейт. Шишиктин көлөмү бир миллиметрден баштап 10-15 сантиметрге чейин жетет. Оорунун биринчи, экинчи баскычында операция жасоого толук мүмкүн. 3-4 баскычында химия жана нур терапиясы аркылуу дарылашат. Себеби шишик ич майларга тарап кеткендиктен ал жактагы чоң кан тамырларга зыян келтирүүгө болбойт. Тилекке каршы, нур менен дарылаганда айымдардын жумурткалары иштен чыгып, эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт.

"Жай жүргөндө оору кабар бербейт. Жатындан аралаш суюктук агат же жыныстык катнаш учурунда кан кетет. Мүмкүн болушунча аялдар эрте келгени жакшы. Жатын моюнчасынын рагын операция, химия, нур терапиясы аркылуу жеңүү мүмкүн" — дейт дарыгер.

Дарыгер-онколог Чынара Батырканова аялзаты жылына бир жолу гинекологго көрүнүп, анализ тапшырып турушу зарыл деп эсептейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0