20:41 27 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.1275
  • EUR95.8035
  • RUB1.0611
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Дача айылындагы авиакырсыктын кесепеттери (223)
329 0 0

Жети күндүк эс алууга маданий программалар камтылып, реабилитациялык жардамдар каралган. Муктаж болгон учурда психологиялык жардам көрсөтүлмөкчү.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Дача айылындагы авиакырсыктан каза болгондордун жакындары 8-июнда эс алуу үчүн Анталияга учуп кеткенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мындай аракеттер биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев башында турган өкмөттүк комиссия түрк тарап менен болгон сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында ишке ашкан. Түркиялык авиакомпания маркумдардын 39 жакынын эс алдырууга кеткен чыгымын өзүнө алган.

Абулгазиев маркумдардын жакындары менен жолугуп, өкмөттүк комиссия ACT Airlines авиакомпаниясы жана камсыздандыруу компаниялары менен сүйлөшүп, тийиштүү материалдык жардамды өндүрүп берүү боюнча аракеттер жүрүп жатканын баса белгиледи.

"Түрк тарап менен сүйлөшүүдө каза болгондордун туугандарын жана жабыркагандарды реабилитациялык этаптан өткөрүүдө балдар үчүн эс алуу уюштуруу боюнча да шарттар коюлган. Өкмөттүк комиссиянын иши аягына чыгуу алдында турат. Компенсациялар төлөнүп берилгенден кийин түрк тарап менен биргеликте берилген компенсациялар жана жарандардан түшкөн каражатты бөлүштүрүү тууралуу кеңири отчет берилет", — деди биринчи вице-премьер.

Абулгазиев бул жолку эс алуу болуп өткөн окуядан кийин стресстен арылып, жеңилдөөгө жардам берерине ишеним артарын билдирди.

Бир жумалык эс алууга маданий программалар, реабилитациялык бөлүк жана муктаж болгондорго психологиялык жардамдар каралган. Бул аралыкта Туркияга кеткендерди эки медицина кызматкери, бир психолог жана жооптуу бөлүмдөрдүн кызматкерлери коштоп жүрөт.

Белгилей кетсек, 16-январда эртең менен саат 7:30дө Түркиянын ACT компаниясына таандык жүк ташуучу учак кулап, 39 кишинин өмүрүн алган. Кырсыктын чоо-жайын КМШ мамлекеттер аралык авиациялык комитети иликтөөдө.

Тема:
Дача айылындагы авиакырсыктын кесепеттери (223)

Тема боюнча

Дача айылындагы авиакырсык: жөлөк пул алуу үчүн документтер толтурулууда
Салянова: Дача айылынын жашоочуларынын маселесин тез арада чечүү зарыл
Салянова: Дача тургундарынын көйгөйүн чечүүнү көздөгөндөр камалууда, бул акмакчылык
Дача айылында кыйраган учактын компьютери АКШда иликтенет
Белгилер:
эс алуу, өкмөт, жардам, Түркия, Дача СУ

ЭҢ МААНИЛҮҮ